25 февраля 2021, 11:05

Аксы районуна караштуу айыл өкмөт мамлекетке 19 миллион сомдон ашык зыян келтирди

— Райондук прокуратура тарабынан Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкен.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундуларына ылайык белгиленген айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.

— Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аталган фактылар Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-бер. (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021