25 февраля 2021, 12:57

Кыргызстан жана Орусиянын Айыл чарба министрлери жолугушту

— Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков Орусия Федерациясынын Айыл чарба министри Дмитрий Николаевич Патрушев менен жолукту.

— Министрлер Кыргыз Республикасына дан жеткирүүнү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Патрушев Орусиянын Айыл чарба министрлиги биздин өлкөгө азык-түлүк буудайын жеткирүүдө ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн белгиледи.
Андан тышкары, апрель айынын башында буудайдын керектүү көлөмүн жеткирүүcү башталат.
Ошондой эле өсүмдүк майын жеткирүү маселесин талкууладык. Патрушев мырза жетектеген Айыл чарба министрлиги күн карама үрөнүн жеткирүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Орусия тарап Кыргызстанга кантты оптималдуу баада жана керектүү көлөмдө жеткирүүгө даяр.
4500 тонна жогорку түшүмдүү дан сортторунун үрөнүн жеткирүү, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнун ортосунда балык чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди", - дейт Жаныбеков.

— Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба жана региондук өнүгүү министрлиги менен Орусия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында меморандумга кол коюшту.



 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021