26 февраля 2021, 12:48

Улукбек Марипов өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту




— Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту.

— Өкмөт башчы ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгынын корголушу жана алардын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан сакталышы үчүн бизнес-омбудсмен институтунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын мамлекеттик коргоого алуу кепилдигин камсыздоо маселеси Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары жана экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат», - деди Улукбек Марипов. 


— Улукбек Мариповдун айтымында, ишкерлик тармагындагы ЧУА инвентаризациялоо боюнча олуттуу иш жүргүзүлөт жана анын негизинде мыйзамдар өркүндөтүлөт, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн санын кыскартуу жаатында да иштер аткарылат. Ал белгилегендей, укук коргоо органдарынын бизнес менен өз ара аракеттешүүсү түп-тамырынан бери бизнести колдоо жагына өзгөрөт.
Өлкөнүн Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит өз кезегинде Өкмөттүн институт менен натыйжалуу өз-ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

— Ал ишкерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоонун актуалдуу маселелерине токтолуу менен бизнес-омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. 

— Робин Орд-Смит белгилегендей, бизнес-омбудсмен институтунун негизги иши менен катар анын кесипкөй командасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу сунуштарды берүү менен реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

— Ал мындан ары карай жемиштүү кызматташууга жана республикадагы ишкерликти колдоого алуу жана өнүктүрүү жаатындагы маанилүү багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүгө ишенимин билдирди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021