26 февраля 2021, 13:05

Кандай сувенир сатып алып, кайсы тамакты даамдап көрүш керек? Жапаровдон журналистке кеңеш

— Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары Россия Федерациясына болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.

"Мен кооз кылычты Россиянын Президенти Владимир Путинге белек кылдым. Бул кылычты Кыргызстанда абдан жакшы кол өнөрчүлөр жасашкан", - деп белгиледи Садыр Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

— Жапаровдон журналист республикага келген туристтерге сувенир катары кайсы улуттук сувенирлерди сатып алууну сунуш кылаарын, кандай улуттук кыргыз тамактарын даамдап көрүүнү сунуш кыларына кызыкты.

— Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштырылгыс материал болгон. Ошондуктан, мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу.

Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу «Таш-Кордо» тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда, жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат.

Албетте, улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо, биздин айтылуу «Бешбармак» жөнүндө сөз кылбай коё албайбыз. Ал өлкөбүздүн дээрлик бардык үй-бүлөлөрүндө жасалат. Менин үй-бүлөм дагы бул тамакты абдан жакшы көрөбүз.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021