26 февраля 2021, 17:38

Талант Мамытов дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткан Түркиянын элчисин кабыл алды



— Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Түркия Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратты Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.  

— Жолугушууда Төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн Женгиз Камил Фыратка ыраазычылык билдирип, ал элчи катары иштеп турган учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгиледи. 

— Ошондой эле Төрага элчинин түздөн-түз көмөгү менен билим берүү багытындагы курстардан баштап, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы сыяктуу бир катар ири долбоорлор ишке ашырылганына токтолду. 

— Муну менен катар Талант Мамытов коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда Кыргызстанга ар тараптуу жардамдарды көрсөткөндүгү үчүн Түркия Республикасына ыраазычылык билдирди. 

— Өз кезегинде элчи Женгиз Камил Фырат өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгы жигердүү өнүккөнүн канаттануу менен белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк жемиштүү уланганын кошумчалады. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021