ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россияда “курьер” кызматында эмгектенген мекендештерине кеңеш берди

27 февраля 2021, 10:13



ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россияда “курьер” кызматында эмгектенип жүргөн мекендештерине кеңеш берет.
 
 
"Урматтуу Россия Федерациясынын аймагында жашап,

эмгектенип жаткан мекендештер! 


Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз «курьер» кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда. Ошондуктан төмөндөгүлөргө көңүл бурууга чакырабыз.

Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат “Телеграмм” жана “Hydro” сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Ал эми офицалдуу курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат, жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.

Бирок тилекке каршы биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат.

Курьерлик кызматка жамынып, баңги затын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандар!

Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса, мен курьермин деп кутулам, же мени эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек!

Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт, ал эми бул кылмыш үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш!".

 
ИИМдин Басма сөз кызматы
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021