27 февраля 2021, 11:06

Милиция кызматкери 4 кылмышкерди жалгыз кармады


Күзөттө турган милиция кызматкери 4 кылмышкерлерди жалгыз кармап, кылмыштуулукка жол берген эмес. Об этом сообщили в пресс-службе МВД КР,
 
  • 2021-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын кызматкери милициянын старшинасы Бекназар уулу Нурсейит күндөгүдөй эле кызматтык милдетин аткарып, кечки текшерүү иштерин жүргүзүп аткан учуру болчу. “Бишкек шаарынын “Бишкек сууканал” ишканаларынын бири Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын   кайтаруусуна турат.
 
  • Болжол менен саат 19:00 чамаларында белгисиз азият улутундагы 2 киши дубалдын жанында жана 2 адам ичине кирип  фонарик менен бир нерсе карап жатканын көрүп калып, дароо ышкырык менен ышкырып, “токто” деген буйрук берген. Буйрукка баш ийбей экоо качып жөнөшкөн. Милициянын старшинасы Бекназар уулу Нурсултан кууп баратып бир нече жолу “токто, атам” деген буйругуна баш ийбей, качканга аракет кылышкан. Натыйжасында тосмонун түбүнө жетип калгандыктан “токто, атам” деп асманга карай 2 жолу эскертүү ок атылган. Натыйжасында бир жаранды тосмонун ичинен кармап, калган үчөө ок атылган соң буйрукка баш ийип качып кете алган эмес. Ошол замат Нурсейит телефон аркылуу ведомстволук полк милиция кызматынын нөөмөт бөлүмүнө чалып, кабарлаган.
 
  • Нөөмөт бөлүмү ошол замат Ыкчам аракет тобу менен жетекчилерге кабарланган.  Аталган жерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Ралис Касанов, ведомстволук полк милициясынын жооптуу кызматкери милициянын ага лейтенанты Жаныбек Шапиев, ыкчам аракет тобу окуя болгон жерге барышкан.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021