27 февраля 2021, 16:14

Түркиянын президенти кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу боюнча макулдашууга кол койду

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу жана биргелешип иштетүү тууралуу макулдашуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргыз элчилигинен кабарлашты.  
 
Макулдашуу боюнча Түркия тарап келечекте оорукананы керектүү жабдыктар менен камсыздайт. Ошондой эле жыл сайын Кыргызстандан 20 дарыгер Түркияга барып билимин өркүндөтүп, тажырыйба алмашып келет.
 
Мындан сырткары Түркия медицина жаатындагы окуу программасын иштеп чыгууга жардам көрсөтөт.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021