1 марта 2021, 12:37

Депутат: Бир бөлмө батирдин баасындай болгон саатты колума тагып жүргөндөрдөн эмесмин




— Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Мамбеталиев коомчулук талкууга алып жаткан кымбат баалуу сааты тууралуу билдирүү таратты.

— Эл өкүлү аны белекке алганын кошумчалады.

Биринчиден, болжол менен бир жыл мурун мен Нурмат аттуу жигитке өз кол саатымды белек кылгам. Жолугушууларымдын биринде ал менин кол саатымды сурады, мен аны өзүмдүн чакан белегим катары бергем. Азыр социалдык тармактарда активдүү талкууланып жаткан аксессуар менин сүйүктүү досум жана москвалык инимдин белеги. Чынын айтсам, оригинал же анын көчүрмөсү экенине кызыккан жокмун.
Экинчиден, мен өзүм мындай кымбат баалуу аксессуарды 26 500 долларга сатып алмак эмесмин. Бир бөлмө батирдин баасындай болгон саатты колума тагып жүргөндөрдөн эмесмин", - дейт Мамбеталиев.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021