2 марта 2021, 11:31

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушту

— Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

— Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

— Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

— «Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021