2 марта 2021, 13:28

Улукбек Марипов: Дары-дармектин баасы калк үчүн жеткиликтүү болушу керек

— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкка дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана аларга бааларды жөнгө салуунун тийиштүү механизмин сунушташы керек», - деди Премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө. 

— Ал дары-дармектерге бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат.  Жай мезгилинде дары-дармектердин баалары кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткендигине бардыгыбыз күбө болдук.  Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда.   Биз калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды камсыз кылышыбыз керек.  Өтө маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген жана КНСтен бошотулган дары-дармектерди өзгөчө белгилеп кетким келет.  Салыктык жеңилдиктерге карабастан, айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кетти.   Бул жагдай бизге түп-тамырынан ылайык келбейт, ошондуктан тизмени концептуалдык түрдө карап чыгуу, ошондой эле баа саясатын талдоо керек”, - деди Улукбек Марипов.

— Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле дарылардын баалар саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иштөөнү тапшырды.

— Өкмөт башчысы ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин санариптештирүү процесстерин дары-дармек менен камсыздоо жаатында активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

— «Мен дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмдө калтырам» - деп жыйынтыктады ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021