3 марта 2021, 08:49

Жапаров Аскар Мамин, Нурлан Нигматулин менен жолугушуп, Назарбаевдин музейине барды

— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. 

— Алар оода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты.

— Мындан сырткары Жапаров Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

— Эки тарап мамлекеттер аралык, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлиндеги мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашышты.

— Андан соң Садыр Жапаров Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды.

— Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришти.







Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021