3 марта 2021, 10:33

Гүлнара-Клара Самат Дмитрий Глушко менен жолугушту

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Агартуу министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко менен жолугушту.

— Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун ушул жылдын 24-25-февралында Россияга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу менен байланышкан маселелер, ошондой эле КР менен РФнын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. 

— Атап айтканда, Агартуу министри С.Кравцовдун 2021-жылдын март айынын экинчи декадасында Кыргызстанга боло турган иш-сапарынын деталдары, Кыргызстандын аймактарында россия мектептерин куруу боюнча пландар, республикада «Чет өлкөлөрдөгү россиялык мугалим» долбоорун андан ары ишке ашыруу, КРнын окуу жайларын окуу куралдар менен камсыздоо талкууланды.

— Элчи Г-К. Самат КРнын жарандарын жана Кыргызстандын Россияда эмгектенип жүргөн мигранттарынын балдарын орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окутууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021