Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановду "Достук" ордени менен сыйлады

3 марта 2021, 13:58

Еще видео




— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстанда "Манас" эпосун айткан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен жолугушту.

— Мамлекет башчысы манасчы Баянгали Алимжановго "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди. Анын кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкондугун белгиледи.

— Президент Садыр Жапаров Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын - "Достук" орденин тапшырды.

— Манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосун Казакстандын жаш муундарынын арасында кеңири жайылтуу үчүн которгонун белгилеп, азыркы жаштар бул уникалдуу эпосту билиши керек деп эсептейт.

— Баянгали Алимжанов 1954-жылы 16-октябрда Казак ССРинин Кокшетау облусунун Степняк-Енбекшилдер районунда катардагы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Алматы шаарындагы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинин казак тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.

— Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. 1984-2004-жылдар аралыгында Баянгали Алимжанов жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021