3 марта 2021, 16:43

Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды




— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасында мамлекеттик иш сапары менен болду.
Мамлекеттик иш сапар Президент Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземинен башталды.

— Мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты.

— Мамлекеттик иш сапардын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде Президент Садыр Жапаров менен Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

— Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушту.

— Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Мындан сырткары, Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду.

— Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын экинчи күнү Казакстандын бизнес коомчулугу жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунан башталды.

— Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго мамлекеттик сыйлык –"Достук« орденин тапшырды.

— Мамлекеттик иш сапар Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин „Астана“ эл аралык каржы борборуна баруусу менен жыйынтыкталды.

— Бүгүн, 3-мартта  Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021