4 марта 2021, 13:43

Эмилбек Каптагаев Бишкекти Манас деп атоону сунуштады

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев борбор калааны Манас деп атоону сунуштады.

"Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт...  Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы  ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз...  Негизи Чүйдөгү  жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу  Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен "Бишкек жомогун" ойдон чыгарып жаза салдым эле деп... Эми минтип "Ордо калааны негиздөөчү" катары ташка чеккен таптакыр натуура иш...  Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны "МАНАС" деп  койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот, Ордо калааны "МАНАС" деп атоого элди пикирин сурап.  Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят", - дейт ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021