4 марта 2021, 17:08

Айыл чарба министри кой багуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков мал багуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Министрдин ФБ баракчасына жарыялаган билдирүүсүнүн толук тексти: 

Кой багытын жергиликтүү куйруктуу кара кой менен 40 баштан баштаганбыз. Бир нече жылдардын ичинде миң башка жеткирдик.
Бирок ушул убакыттын ичинде биз жергиликтүү койлорго караганда ири, жаратылыш шартына чыдамкайлуулугу менен жана этин даамдуулугу менен мыкты көрсөткүчкө ээ болгон тукумдагы издедик.

Совхоздордун жана колхоздордун жоюлушу менен Кыргызстанда мал чарбасында асылдандыруу иштери кыйла алсырап калган кезде эле. Өзгөчө кой багытында өтө көп көйгөйлөр жаралган эле.

Көп изденип Чүй областында СССРдин мезгилинен бери асыл тукум иштерин жүргүзүп келе жаткан кой багуучулардын жеке чарбакерлерине байланышып, 2010-жылы ар бир тубар койду ошол учурда 20 000 -25 000  сомго чейин бааланган 50 баш кой сатылып келинген.

Көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, чарбакерлер саны боюнча эмес, сапатына көңүл буруусу абдан албан ийгилик жаратаар эле.
2017-жылы “Рейна-Кенч” чарбасы Тажикстандагы кой өндүрүүчүлөр менен келишим түзүп, Гиссар тукумундагы 350 баш токтулардан сатып алган. Анын ичинен биз чарбада 150 башы чарбага көбөйтүү максатында калган, 200 баш өлкөдөгү койлордун сапатын жакшыртуу үчүн фермерлерге сатылды.

“Рейна-Кенч” чарбасы жыл сайын биз 200гө жакын асыл тукум эт багытындагы кочкорлорду сатыка чыгарат. Аларды сатып алуу менен фермерлер жергиликтүү койлор менен аргындаштырып жогорку даражадагы  көргөзгүчтөргө жетип, киреше тармагын дагы өздөштүрүүдө.
Арашан жана Гиссар тукумун аргындаштырып, койдун сапатын жогорулаттык. Күнүмдүк  салмак кошууда жана козуларынын жеңил туулушу тез телчип кетишинде, энесинин сүттүлүгүндө жана ошондой эле талаа шартында оңой жүрүсүү чарбанын кой жаатында болгон бир топ көйгөйлөрүң жеңилдетти.

Азыркы учурда тоют чыгымдары чарбанын экономикасында жеңилдеди десек болот. Себеби: жылы бою таалада жайылып жүрүсүн жана чыдамкайлыгы кемчиликке учуратпайт.

Жазгы жана күзгү малдын көчүүсүндө жылына бир тарапка 150 чакырым басып өтүшөт, алыскы жайытка жетиш үчүн.  Эң маанилүүсү булар айдакта дагы эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

Бүгүнкү күндө  “Рейна-Кенч” чарбасы Арашан асыл тукумун көбөйтүүдө иш алып барат. Фермерлерге жана жеке ишкерлерге малдын сан жагын эмес, сапат жагына көңүл буруусун айта кетет элем.

Чарбанын жетекчилиги өзүнүн тажрыйбасы менен ар дайым бөлүшүп, кеңешин айтууга ар дайым даяр экенин билдирет. Тел. 0771 336033 номерине вотсап аркылуу байланышсаңар болот.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021