Айтурган Темирова өлкөдөгү Айтурган ысымдуулар менен жолугушту

9 марта 2021, 13:37

Кыргыз кинематографиясына жана белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгына 50 жыл толгонунун урматына Бишкек шаарында маданият иш чарасы болуп өттү. Анда жалпы маданият, кино сүйүүчүлөрү чогулуп, Айтурган Темирова менен кенен баарлашып, каалаган суроосун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Актриса иш чаранын катышуучуларына чыгармачылыкка таштаган алгачкы кадамы, тасма артындагы талыкпаган эмгек, кызыктар жана кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Ал ар бир аткарган ролуна кеңири токтолуп өттү. Залга жык толгон күйөрмандары актрисаны кызыгуу менен тыңдап, ошол жылдагы тасма тартуу процессине сүңгүп киришкендей болушту.
 
Аталган иш чарага актриса менен жолугууга өлкөбүздүн ар бир бурчунан Айтурган аттуу ысымдуулар келишкен. Актриса аларга батасын берип, белек тапшырды.

 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021