9 марта 2021, 14:32

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен келет




— Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт.

— Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.

— Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түркмамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда. Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021