9 марта 2021, 14:40

Жапаровдун Өзбекстанга боло турган сапарында кандай маселелер талкууланары айтылды

— Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен барат.

— Аталган иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

— Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

— Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021