9 марта 2021, 17:34

Таласка жаңы дайындалган Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү буга чейин кандай кызматтарда иштеген?




— Бакытбек Нарбеков бүгүн, 9-мартта Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Өмүр баяны:

Нарбеков Бакытбек Наркулович  1977-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясын 2000-жылдары аяктаган. Адистиги - финансы жана кредит. Экономика илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек тажрыйбасы:

2003-2008жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясы Экономика жана бизнес факультетинин "Финансы жана кредит" кафедрасынын окутуучусу;

2008-2011жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясы Экономика жана бизнес факультетинин "Финансы жана кредит" кафедрасынын доценти;

2011-жылы январь айында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Экономика жана бизнес факультетинин деканынын орун басары;

2011-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында депутаттын жардамчысы;

2012-2017жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин сектор башчысы болгон;

2017-жылдын 18-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы;

2018-жылдын 18-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору; 

2020-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектррдук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген; 

Сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин мыктысы;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мыктысы;

- Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын мыктысы;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасы менен кызматташтыкты чыңдаганы үчүн төш белгиси;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

- Көк-Сай айылынын жана Кара-Буура районунун "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланган.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021