9 марта 2021, 18:05

Көзүнө жаш алган Марипов жана созолонто ырдаган Текебаева. Майрам күндөрдөгү кызыктар (видео)

— 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамы бир топ кызыктар менен коштолду.

— Бардык аткаминерлер жалпы айымдарды жылуу сөздөрү менен куттуктап жатышты.

— Ал эми премьер-министр Улукбек Марипов улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесинде жашаган энелерге барып, алар менен маек алышуу учурунда көзүнө жаш алды.





— Майрам күндөрдү утурлай саясатчы Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данекти турмуш жолуна узатты. Саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева эки жашка жакшы тилектерин арноо менен бирге "Жолугушабыз" аттуу ырды аткарып берди.




—Ал эми башкалар майрамдап жүргөн учурда, Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнө тиешелүү буюмдарды кызмат ордунан чогултуп кеткен. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып ММКлар билдиришүүдө.

Эске салсак, 5-мартта премьер-министр Улукбек Марипов Финполду Ички иштер министрлигинин курамына киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.





Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021