10 марта 2021, 09:02

Феликс Кулов Садыр Жапаров менен жолукту. Экөө кандай маселелерди талкуулашкан?

— Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.

— Ал өлкө башчы менен бир катар маселелерди талкуулаганын белгиледи.

Мен өзүм үчүн эч кандай кызмат сураган жокмун жана сурайын деген деле ниетим жок. Мен анын бардыгын башыман өткөргөм. Мен үчүн эң башкысы - саясий туруктуулук жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн ыкчам, натыйжалуу чечимдерди табуу.
Мен өлкөнүн экс-министри иштеп чыккан, мультипликативдик эффектке ээ болгон, калктын реалдуу акчалай кирешелерин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган өтө кызыктуу социалдык долбоорго өлкө жетекчилигинен колдоо табуу үчүн жолуктум. Ага кошумча экс-вице-премьер-министр Б.Мамбетовдун тоо-кен жана энергетика жаатындагы жана башка тармактардагы конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштарын карап чыгып, ошондой эле айрым инвестициялык сунуштарды эске алуусун сурандым", - деп билдирди ал.

— Кулов баарлашуу учурунда саясаттагы маселелерди, анын ичинде Конституциялык реформага карата сын айтканын кошумчалады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021