10 марта 2021, 12:34

Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды




— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

— Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

— Мамлекет башчысы быйыл отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

— Президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.

— Садыр Жапаров өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

— Мындан тышкары, Садыр Жапаров маданий-гуманитардык өз ара байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

— Өз кезегинде тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

— Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.

— Мевлүт Чавушоглу түрк тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.

— Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021