— Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов алгачкы жолу өткөн жылдын 20-октябрында кармалган. Ал тергөө менен кызматташууга жана 2 миллиард сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берүүгө даяр экендигин билдирип, 1,4 миллиард акча түрүндө ал эми 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк түрүндө кайтарып берген.

— 2020-жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Матраимовго 260 000 сом айып пул салган. Прокурор жана судья “Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду” деген жыйынтык чыгарышкан.

— Буга карабастан, ушул жылдын 18-февралында Матраимов кайрадан УКМК тарабынан кармалган. Ошол учурда эле анын абалы начар экени кабарланган. Ал 24-февралда кан басымы жогорулап, шашылыш түрдө ооруканага жеткирилген. Ошол күндөн тарта анын абалы турукташпай келет. Матраимов жаткан “Бикард” клиникасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Елена Баялинова билдиргендей, анын жүрөгүнө инвозивдүү операция жасалаары күтүлүүдө.

“Матраимов биздин клиникага кан басымы жогорулап, айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда алынып келинген. Учурда ага операциянын алдында кароо жүргүзүлүп жатат. Анын жүрөгүнүн кан тамырына скальпельсиз-инвозивдүү операция жасалат. Мындан сырткары учурда дарыгерлер Матраимовдун бөйрөгүнө да кароо жүргүзүшүүдө”, - деп билдирди Баялинова.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021