10 марта 2021, 17:29

Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери жолугушту




— Бүгүн, 10- мартта А. Осмонов атындагы  кыргыз Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты  Раимкулованын эки тараптуу жолугушуусу болду. Анда кыргыз- казак мамилелери, маданий- гуманитардык жана спорт тармагы боюнча кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

— Жолугушууга, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Гульшат Асылбаева, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы  элчиси Кайрат Нурпеисов,  Казакстандык  манасчы Баянгали Алимжанов  жана эми мамлекеттин маданият тармагынын жетекчилери жана ири өкүлдөрү да катышты.

— Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Кайрат Иманалиев Казакстан мамлекетинин ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө,  мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү маданият экендигин баса белгилеп, бул багытта биринчи кезекте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу пикирин билдирди. Ошондой эле, кесиптештерге кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыктар экендигин кошумчалап, меймандарга чыгармачылык ийгилик каалады. 

— Ал эми, Казакстан Республикасынын  Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова маданий жана спорт багыты боюнча кызматташууга даяр экендигин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021