11 марта 2021, 09:10

Бакыт Нарбеков 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 50 литрден күйүүчү май акысыз берет




— Кечээ, 10- мартта Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында жазгы-талаа жумуштарына   байланыштуу жыйын болуп  өттү.

— Жыйынга Талас шаарынын мэри, райондун акимдери, райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалыгынын, облустук, райондук суу чарба башкармалыктарынын, облустук ветеринардык башкармалыктын, үрөн чарба башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчилери  катышты.

— Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жазгы талаа жумуштары үзгүлтүксүз өз убагында кечиктирилбей   аткарылыш керектигин  жетекчилерден талап кылды.

— Ага ылайык  Талас облусу  боюнча   баардык  каналдарды   10 апрелге чейин толук түрдө  сугат мезгилине  даярдоо боюнча  тийиштүү тапшырмалар берилди.

— Мындан тышкары,  дыйкандарды сапаттуу үрөн,  күйүүчү май менен камсыз кылуу жана жайыт маселеси талкууланды.

— Бакыт  Нарбеков  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  40 тонна күйүүчү май Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондоруна 10 тоннадан бекер бөлүнүп берилерин  айтты. Аталган жардам социалдык жактан  коргоо мекемелери аркылуу чыныгы муктаж болгон 800 үй-бүлөгө 50 литрден акысыз берилет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021