11 марта 2021, 09:40

Улукбек Кочкоров кымбат баага алынды делген коляскалар тууралуу түшүндүрмө берди




— 10-мартта УКМК Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пандемия учурунда майыптар үчүн атайын коляскаларды кымбат баада сатып алган деген маалымат таратты.

— Буга чейин аталган кызматты жетектеген Улукбек Кочкоров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу була маалыматка түшүндүрмө берди.

Мен министр болуп келгенде шал ооруусу  (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз комнатада жүрүүчү жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип салуу мүмкүн болгон жок. Анткени, Өкмөттүн жоболорунда   көп функционалдуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле. 
Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функционалдуу коляскалар менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан.  Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын. 
Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй комнатада жүрүүчү коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган.
50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот. Албетте, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керек, бирок, министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок деп ишенем", - деп билдирди ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021