11 марта 2021, 11:30

Жаңы депутат Бурул Аманова тууралуу эмнелер белгилүү?

— Бурул Аманова Жогорку Кеңештин жаңы депутаты.



— Ал учурда 51 жашта, Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Пүлгөн айылында туулган.

— Магнитогорск шаарындагы Борбордук мамлекеттик университетинин адабият факультетин аяктаган.

— 1996-жылдан бери Россияда ишкердик менен алектенген.

— 2003-жылы Магнитогорск шаарындагы "Биримдик" коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, анда мигранттарга колдоо көрсөткөн.

— 2007-жылы ал Кыргызстанга кайтып келген. Ал "Прогресс Плюс" ЖЧКсынын жана "Асман Тоо" туристтик компаниясынын башкы директору.

— 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал "Биримдик" партиясынын тизмесинде 20-орунда турган.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021