11 марта 2021, 11:43

Сыймык Жапыкеевди Финпол калпак кийгизип, чепкен жаап узатышты

— Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Сыймык Жапыкеевди узатышты. Бул тууралуу Жапыкеев өзү билдирди.

"Баарын өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыразымын. Финполдун төрагасы катары эл, жер, өлкө үчүн таза жана так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 млн. сом  бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң-чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын кортундусун күтүп аттык эле. Баары оңой эмес.
Менин сахарым көтөрүлүп кетти. Врачтар карап жатышат, нерв болбош керек, үйдө жатам. Ден соолук болбосо, эч нерсе кереги жок экен.
Акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. "Эмнеге жок?" , "Эмне митингдерге чыкпайт?" деп мени издегендер көп. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингке чыгып, өз оюмду билдиргенге укукту эмес элем", - дейт Жапыкеев.




 


 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021