11 марта 2021, 12:53

Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Президентти кимдер коштоп кетишти?

— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

— Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

— Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

— Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

— Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;
— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
— энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;
— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;
— Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;
— Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;
— Өкмөттүн Жалал-Абад  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;
— Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;
— Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;
— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021