11 марта 2021, 15:32

Кара-Суудагы массалык уулануудан эки адам каза болду

— Кара-Суу районунда эки аял үй шартында жасалган консервалардан ууланып, каза болушту.

— Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11-мартында саат 14:30да Оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматтары боюнча, Ош облусундагы ооруканаларга жалпысынан 13 жабырлануучу жаткырылган. Анын ичинен 2 жабырлануучу Ош шаардык ооруканасында жана Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө каза болушкан.

— Ошондой эле, учурда 1 жабырлануучу Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жаткандыгы, ал жасалма дем алдыруучу аппаратта экени белгиленди.

— Калган 10 жабырлануучу Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы туруктуу жана оор. Баарына тийиштүү дарылоо жүргүзүлөт.

— Мындан тышкары, дагы 15 адам жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021