Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен баш тартышкандагы видео

11 марта 2021, 17:18

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Жумгал районунда Нарын аймагындагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

— Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

— 2021-жылдын 27-февралында, облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жарандары  «К.Ш.», «Э.А.» жана «Б.Б.» алар өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

— УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021