12 марта 2021, 11:37

Аксыда көчөгө ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайдын колдорун иттер тиштегилеп салышкан

Аксы районунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесин иттер тиштегилеген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына райондун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылынын башчысы Абдимитал Момунов билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта баланы сыртка таштап кеткен эне изделүүлө.

«Окуя 10-марттын таңында болгон. Айылдагы эч ким жашабаган үйдүн короосуна белгисиз бирөө ымыркайды таштап кетип калган. Анын колдорун күчүктөр тиштегилеп салыптыр. Баланы ошол жердеги тургун байкап калып, мени, элди чакырды. Окуя болгон жерге милиция, тез жардамды чакырдык. Бирок аракетибизден майнап чыккан жок. Жаңы төрөлгөн ымыркай өлүп калган экен. Баланын жансыз денесин Кербен шаарынан келген эксперттер алып кетишти. Биз милицияга арыз менен кайрылдык. Кечээтен тарта милиция, айыл өкмөттөн куралган комиссия жана ак халатчандар менен бирге айылдагы үйлөрдү кыдырып, баланын энесин издеп жатабыз. Ушундай эле издөө бүгүн да уланат», - деди айыл башчы А.Момунов.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяны ырастады. 2021-жылдын 10-март күнү Аксы РИИБге 102 номуру аркылуу Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылынын тургуну ошол эле айылда эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылганын кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, эркек баланын жансыз денеси жылаңач, бети жана колдору жарым-жартылай тытылган абалда табылган. Бул факт Аксы РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021