12 марта 2021, 13:09

Абакта оозун тигип алган адам боюнча ЖАМК маалымат берди

Бишкектеги СИЗО-1де бир эле адам оозун тигип алган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айыпталуучу соттун чечимине нааразы болгону үчүн ушул кадамга барган.

Айыпталуучу Ысык-Ата райондук соту тарабынан "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү" жана "Баңги заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага 300 миң сом айып пул салынган. 11-мартта ал ачкачылык жарыялап, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды", - деп айтылат маалыматта.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021