13 марта 2021, 09:21

Улукбек Марипов Жалал-Абадда. Премьер кайсы жерлерди кыдырды?

— Премьер-министр Улукбек Марипов Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө алгач Сузак районундагы бир нече айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. 

— Кара-Жыгач айылында Өкмөт башчы бадыраң, помидо, болгар калемпири, лимон өстүрүлгөн күнөсканага барды. Бул объектте 20га жакын адам иштейт, бирок сезон маалында алардын саны 100гө жетет.

— Улукбек Марипов белгилегендей, жергиликтүү ишкерлерди колдоо, ушундай эле чакан, бирок кыйла заманбап жана модернизацияланган ишканаларды ачып жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо зарыл.

— Премьер-министр азыркы тапта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан фермерлерди колдоо боюнча иштерди активдештирүү пландалып жатканын белгиледи.

— Премьер-министр дыйкандар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу сурап, өлкө Өкмөтүнүн ата мекендик айыл чарбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.


— Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы психологиялык-неврологиялык жатак үйүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

— Өкмөттүн атынан балдардын психологиялык-неврологиялык жатак үйүнө балдарга кам көрүү каражаттарын сатып алууга 100 мин сомдук сертификат берилди.

— Ага кошумча Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышты.

— Мындан тышкары Өкмөт башчы Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз калкты тейлөөчү борборго барды.

— Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы авариялык абалда турган М.Бабкин атындагы мектеп-гимназия тууралуу маалымат алды. Премьер-министр бул окуу жайдын аймагында жаңы корпус куруу үчүн кошумча каражаттарды издөөнү карап чыгуу тапшырмасын берди.



— Ошондой эле премьер-министр «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

— Аянты 1,5 га болгон анча чоң эмес шаарчада 6 көп кабаттуу үйдүн, медициналык жана маданий борборлордун курулушу пландалууда. Комплексте ошондой эле мектеп, тигүүчү цех, спорттук зал, бала бакча жана башка социалдык объектилер болот. Курулуш жана жасалгалоо иштерине бир жылга жакын убакыт каралууда.

— Белгилей кетүүчү нерсе, курулуш аяктагандан кийин социалдык объект толук бойдон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өтөт.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021