13 марта 2021, 10:19

Милиция Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөгөн окуя боюнча маалымат берди

— ММКларда жарыяланган “Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөдүбү?” деген материал боюнча Чүй ОИИББы маалымат берди.

— 2020-жылдын декабрь айынын башында Сокулук районунун ИИБнө Е.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган кызы Т. аттуу жаран менен жыныстык катнашта болгонун билдирген.

— Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

— Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Т. аттуу жарандын өздүгү такталып, ал Ош облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Б.Т. экендиги аныкталган.

— Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз  суралып, Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. 

— Күнөөлүүнү аныктап жоопко тартуу үчүн, окуяны ар тараптуу иликтөөүчүн бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүү зарыл болгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган.

— 2021-жылдын февраль айында Чүй областык прокуратура тарабынан жогорудагы иш суратылып, тергөө кызматы тарабынан чогултулган материалдар областык прокуратурага жөнөтүлгөн.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021