15 марта 2021, 09:05

Камчыбек Ташиев чек ара маселесин чечүү үчүн Тажикстанга барат




Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу "Регион" каналынын башчысы Өткүрбек Рахманов жазды.

15-март УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Эскерте кетсек, дал ушул аймакта өткөн апта ичинде куралчан аткезчилер УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, ок атылган.
Самаркандектеги жолугушуудан соң, К.Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине кетет. 16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Камчыбек Ташиев мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", - деп билдирди ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021