15 марта 2021, 14:13

Аскарбек Жаныбеков Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен бөлүштү




Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен бөлүштү.

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жетектеген расмий делегациянын курамында Өзбекстан Республикасында болдум.
Биздин делегациянын боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетиштик. Так айтканда, өзбек тарап тарабынан Кыргызстанга 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн, 500 тонна пахтанын үрөнүн жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.
Ошондой эле, Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөскана алып келип, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдаштык. Мындан тышкары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10000 мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.
Коңшу республикага болгон иш сапарыбызда, ошондой эле этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына жеткирүүдөн баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө сүйлөшүп, макулдаштык. 
Мындан тышкары, Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди. Ошондой эле, Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууладык", - дейт министр.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021