16 марта 2021, 11:14

Садыр Жапаров: Жаңы Конституция өлкөдө тартип орнотот

— Бул Конституция өлкөнү алдыга жылдырган, тартип орното турган Баш мыйзам болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Жаңы Баш мыйзамдын долбоору сунушталды. Элдин добушу Конституциянын тагдырын чечет. Бул Конституция өлкөнү алдыга жылдырган, тартип орното турган Баш мыйзам болот. Он жыл бою парламенттик, андан мурун президенттик башкарууда болуп жашап келдик. Эмнени гана көрбөдүк. Акыр аягы турмуш бийлик бутагы бир эле болуш керек экенин көрсөттү. Акыркы он жылда 3 башка бийлик болуп, жоопкерчиликти эч ким моюнга алган эмес. Жашап жаткан Конституцияны алсак, президент өкмөттүн колун карап отура берет дагы жоопкерчилик каралбайт.
Ал эми жаңы Конституцияда жазылып турат, тышкы жана ички саясатка президент керт башы менен жооп берет деп. Буга чейин мындай жооп берем деген адам болгон эмес. Биздин дагы заман өтөт, ким бийликке келбесин ал адам жоопкерчиликти сезиши керек. Мамлекеттин тагдырын чечкен адам болуш керек. Азыр президент же өкмөт жоопкерчиликти албай, өлкө бир ордунда тура берет экен", - деди Жапаров.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021