16 марта 2021, 11:24

Нурболот Үсөнбаев карантиндик чектөөлөр кайрадан кириши мүмкүн экенин айтты




— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдө карантиндик чектөөлөр кайрадан кириши мүмкүн экенин «Маралга» берген маегинде билдирди.

Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бери жакта калат. Биз бир нерсени бат унутуп калуу адатыбыз бар. Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда, карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз", — дейт Үсөнбаев.

— Ал белгилгендей, чектөө кирип калса, массалык иш-чараларга тыюу салынышы ыктымал. Авиакаттамдар, облустар аралык каттамдар токтотулушу мүмкүн.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021