16 марта 2021, 13:28

Дагестандагы ханафит мазхабы боюнча сынакта кыргызстандыктар алдыңкы орунду алышты

— Дагестандагы ханафит мазхабы боюнча сынакта кыргызстандыктар алдыга чыкты.

— Махачкалада откон республикалык сынак “Нуруль-Идах” китебин билүү денгээли боюнча өттү. Аны Дагестан ислам университети уюштурган. Сынак эки этап менен араб тилиндеги жазуу түрүндө болду.  Биринчи турдан кийин 26 катышуучудан финалга 5 талапкер чыкты. Экинчи турдун жыйынтыгында алдынкы орундарды мекендештерибиз утуп алышты.

— 1-орунга Чуй областынын Аламүдүн районунун тургуну Халиков Руслан Айдар уулу чыкты. Ал эми 2-орунду Ош областынын Араван районунун Чекабад айылынан Аббас Кадыров жеңип алды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер менен бирге акчалай сыйлыктар берилген.

— Дагестандын муфтийинин биринчи орун басары Абдулла Аджимоллаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, алар өлкө аймагында ханафит мазхабынын тарыхынын жандануусуна салым кошуп жатканын баса белгиледи.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021