16 марта 2021, 14:52

УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды


 
— 2021-жылдын 12-мартында КР УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, КР ИИМ менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас областынан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды.

— Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

— Бул фактыдагы материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

— Кармалган адамдар Талас областынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

— Тергөө иштери жүрүп жатат.   
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021