16 марта 2021, 15:01

Буга чейин 13 жаштагы кызын жоготкон. Сургутта каза болгон эки жеткинчектин апасынын абалы оор

— Орусиянын Сургут аймагында менчик үйдөн чыккан өрттө чарчап калган беш жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгү бүгүн, 16-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Сургуттагы кыргызстандыктардын диаспорасынын төрагасынын орун басары Аваз Халманбетов маалымдаган.

“Биздин диаспора консулдук менен чогуу акча чогултуп, наристелердин сөөгүн бүгүн жиберип жатабыз. Аларды Оштон атасы тосуп алат экен. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылды. Бирок 15-мартка белгиленген соттук отурумга апасы келе албай калды. Азыр анын абалы оор, психиатриялык ооруканада жатат. Соттук отурум 17-мартка жылды. Келин 1989-жылкы, бир нече жыл мурда 13 жаштагы кызы да кайтыш болуп кетиптир. Эми колундагы эки баласынан ажырап, абалы өтө оор”.

— Сургуттагы “Здоровье” кооперативинин Брусничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт 11-марттын таңында чыгып, андан беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон каза болушкан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021