17 марта 2021, 10:23

Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
 
Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 49 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган. Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954 миллион долларга жеткенин маалымдады.
 
Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221 миллион доллары тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732 миллион доллары ички карыз.
 
Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520 миллион сом түшкөнү белгиленди.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021