17 марта 2021, 11:09

Өкмөт мүчөлөрү Аксы окуясында курман болгондордун элесине арнап гүл коюшту




— Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

— Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында  элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

— Гүл коюу аземине ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Жеңишбек Асанкулов катышты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021