17 марта 2021, 15:26

Улан Ниязбеков Талас облустук ички иштер башкармалыгына иш сапары менен келди




— Бүгүн, 17-март күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Ниязбеков Улан Омоканович  Талас облустук ички иштер башкармалыгына иш сапары менен келди. 

— Иш-сапардын жүрүшүндө Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасын  тапшырды. “Мерседес-Бенц-Спринтер”  үлгүсүндөгү унааны министрликке коомдук жарандар демөөрчүлүк катары кызматтык колдонууга беришкен. 

Унаа жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүү жана алардын кайрылууларына ыкчам аракет кылуу максатында берилүүдө. Калкты укуктук жактан коргоп, коомдук коопсуздукту сактоодо мындан дагы жакшы иштөөгө күч-аракеттерди жумшагыла. Ар бир кайрылууга обьективдүү текшерүү жүргүзүп, ыкчам чечүү керек", - деди министр.

— Буга чейин Талас облусунун бардык райондоруна милициянын көчмө кабылдама унаасы берилип ишке киришкен. Аймактагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда жана социалдык абалды жакшыртууга аталган унаа өз кызматын ишке ашырат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021