17 марта 2021, 16:10

Жерүйдө митингке чогулгандарга Садыр Жапаров жолукту

Талас облусу. Жерүй кенинин алдына митингке чогулгандар.


— Таластагы Жерүй кенинин жанына митингке чогулган элге президент Садыр Жапаров жолукту. Бул тууралуу редакциябызга жергиликтүү тургун билдирди.

— Эске салсак, бүгүн Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

— Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.

— Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка  ээ болот.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021