17 марта 2021, 16:38

Өлкөнүн айыл-чарба өндүрүүчүлөрү күйүүчү-майлоочу майлар менен 60% ашуун камсыздалган

— Кыргыз Республикасындагы 2021-жылдагы  жазгы-талаа  иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган. 

— Күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө  39,9-40,9 сом/литри болууда. 
Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине  кол коюлган.

— Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына  нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмөдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн.
 
— Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.  
Жалпысынан республикада  күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021