18 марта 2021, 11:06

Эртең Кыргызстанга Кытайдан "Синофарм" вакцинасы келип, жакында эмдөө башталат

— Президент Садыр Жапаров Россияга расмий иш сапары менен барганда, президент Владимир Путин менен жолугушууда, Кыргызстанга гуманитардык негизде 500 миң Sputnik V вакцинасын бөлүп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 18-мартта түз эфирде билдирди.

— Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, жакынкы аралыкта "Спутник V" вакцинасы келип баштайт.

19-мартта Кытайдан 150 миң дозалык "Синофарм" келиши күтүлөт. Бул 75 миң адамга туура келет. "Спутник V" да, "Синофарм" да келээри менен, биз калкты эмдөөнү баштайбыз. Экинчи жагынан, биз "COVAX" вакцинасын күтүп жатабыз. Кыргызстанга келген вакциналар менен эмдөөдөн өткөрөбүз. Улуттук эмдөө программасын иштеп чыктык", - деди Бейшеналиев.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021